Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

АКШ Орусия Украинага каршы химиялык уу зат колдонгон деп эсептейт


Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун (OPCW) логотиби.
Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун (OPCW) логотиби.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусия Украинанын Куралдуу күчтөрүнө каршы тыюу салынган химиялык зат колдонгон деп эсептейт. Мекеменин 1-майдагы билдирүүсүндө хлорпикрин затын колдонуу менен орус бийлиги Химиялык куралга тыюу салуу тууралуу конвенцияны бузганы белгиленди:

«Мындай химиялык заттарды колдонуу бир жолку гана окуя болгон эмес. Бул аракет орус аскерлеринин украин күчтөрүн ишенимдүү турумдарынан сүрүп чыгарууга жана согуш талаасында тактикалык артыкчылыкка жетишүүгө карай умтулуусуна байланыштуу жасалган болушу ыктымал».

Мамлекеттик департамент Орусия өзүнүн бул жааттагы милдеттенмелерине кыянат мамиле жасап жатканын белгилеп, абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальный жана мурдагы тыңчы Сергей Скрипал ууландырылган нерв системасын шал кылуучу "Новичок" заты колдонулган окуяларды да кошумчалады.

Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын бийлиги орусиялык бир нече мекеме-ишканага санкция жарыялады, арасында Орусиянын химиялык курал программасына тиешеси бар деп шектелген төрт компания да бар.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине көмөктөшкөн жана анын чектөөлөрдү кыйгап өтүүсүнө жардам берген деп айыпталган 200дөй адамга жана ишкана-мекемеге санкция жарыяланганын 1-майда билдирген. Арасында Кыргызстандын да компаниясы бар экени маалымдалган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG