Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Майрам күндөрү Бишкек шаарына кирген автоунаалар текшерилип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Майрам күндөрү Бишкек шаарына кирген автоунаалар текшерилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, башкармалык майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, Чүй облусунун эс алуу жайларында, тоого бара жаткан жолдордо кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында постор коюлду.

"Кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет. Айрыкча спирт ичимдигин ичип, мас абалында унаа башкаргандарга катуу чаралар көрүлөт", - деп жазылган маалыматта.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 9-марттан 22-апрелге чейин жалпы өлкөдө 207 киши мас абалында унаа айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылганын билдирген. 2023-жылдын 8-мартынан бери 10163 айдоочу дал ушундай себеп менен бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.

2023-жылдын 8-мартынан тартып Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Мисалы, мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Биринчи жолу мас абалында унаа айдап жүрүп кармалган айдоочунун күбөлүгү бир жылга, кайталанса үч жылга алынат.

Айдоочулук күбөлүгү жок машине айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган бир катар айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG