Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Грузин парламенти "чет элдик агент" мыйзамын экинчи окууда кабыл алды


Грузиянын парламенти.
Грузиянын парламенти.

Грузин парламенти оппозиция жана жарандык коом Орусиядан көчүрүп алган деп каршы чыгып келаткан "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорун 1-майда экинчи окууда кабыл алды. Документти 150 депутаттын 83ү - бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү жана алардын өнөктөштөрү колдоду. Добуш берүүгө оппозициялык маанайдагы депутаттар катышкан жок. Мыйзам долбоорун толук кабыл алуу үчүн документ үчүнчү окууда кабыл алынышы керек. Добуш берүү 17-майга белгиленген.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандар 1-майдын кечинде Тбилисиде грузин парламентинин имаратына кайрадан чогулушту. Митингчилер парламент имаратынын алдындагы аймакты толугу менен ээлеп, кире беришин тосуп алышкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, полиция митингди тарата баштаган жана демонстранттарга каршы калемпир газ жана суу аткычтарды колдонгон.

Президент Саломе Зурабишвили демонстранттарды парламенттин кире беришинен алысырак кетүүгө чакырды. 30-апрелде аталган документ экинчи окууда каралып жаткан учурда парламенттин жанында митингчилер менен полиция кагылышып, оппозициялык “Улуттук кыймылдын” лидери Леван Хабеишвили жараат алган. Тбилисиде бийлик мыйзамды кабыл алуу ниетин жарыялагандан бери демонстрациялар бир нече аптадан бери уланууда.

Мыйзам долбоору боюнча экинчи окууда талкуу эки күнгө созулуп, курч мүнөздө өттү. Парламент спикери Шалва Папуашвили оппозициянын төрт депутатын залдан чыгарды. Ошондой эле депутаттардын ортосунда жаңжал чыккан.

30-апрелден 1-майга оогон түнү Тбилиси шаарында Грузия парламентинин имаратынын алдында полициянын атайын күчтөрү "Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы акцияга чыккандарга атайын каражаттарды колдонду.

Кагылышуу маалында күч түзүмдөрү суу аткычтарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды, калемпир газын, ошондой эле желим ок колдонгону кабарланды.

Ички иштер министрлиги каршылык акциясына чыккандардан 63 киши кармалганын кабарлады. ИИМ митингчилер "полиция кызматкерлерине күч колдонуу менен сөз жана сөз эркиндигинин чегинен чыгып кеткенин" билдирди.

Документти сындагандар аны Орусиянын окшош мыйзамынын көчүрмөсү деп, Кремль аны оппоненттердин оозун жабуу үчүн колдонуп жатканын баса белгилешти. Батыш грузин парламентинде талкууланып жаткан мыйзамдын долбоору жарандык коомду көзөмөлдөө максатында жасалганын белгилеп келет. Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын жактоочулары мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жарандык коомго каршы репрессияларды мыйзамдаштырып, Грузиянын батышчыл жолдон бурулуп, “Орусияга сиңишине” алып келет деп эсептешет.

Грузин парламенти мыйзамдын долбоорун 17-апрелде биринчи окууда кабыл алган.

Президент Зурабишвили мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG