Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Блинкен Израилге жана ХАМАСка согушту токтотууга "убакыт келгенин" айтты


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

Газадагы дээрлик жети айдан берки согушту токтотууга «убакыт келгенин» бүгүн 1-майда Израилде сүйлөшүү жүргүзүп жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди. Ал Израил жана ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) согушту токтотуу тууралуу келишимди кабыл алышы зарыл экенин, натыйжада барымтада кармалып тургандарды бошотууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

The Associated Press (AP) агенттигинин маалыматына караганда, Блинкен бул келишимге жетишүүдө кайсы бир көйгөй жаралса жоопкерчилик ХАМАСта болорун белгиледи.

Газада кырдаал курчуган жети айдан бери Блинкен Жакынкы Чыгышка жетинчи жолу барып олтурат. Ал аймактагы өлкөлөрдү кыдырып, согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Келишимдеги негизги шарттардын бири – израилдик аскерлердин Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулуна жол бербөө.

Келишим кабыл алынса Газадан барымтадагылар, ал эми Израилден абакта кармалып турган палестиндер бошотулары кабарланган. Израилдиктер арасында «ХАМАС барымтадагылардын баарын эбак жок кылган, айырбаштоо зарылчылыгы жок, андыктан палестиндерди бошотууга жол бербөө керек жана Рафахтагы операцияны улантуу зарыл» деген да маанай бар.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүп, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылы 7-октябрда Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган. Кээ бир маалыматтарга караганда, барымтада дагы 100дөй киши кармалып турат жана 30тан ашуун кишинин сөөгү да ХАМАСтын колунда.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин кеминде 34 миңи каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG