Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Тажикстан Орусиядагы жарандары "оор абалда" калганын билдирди


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө белгиленди.

Тажикстандын тышкы саясий мекемесинин сайтындагы 30-апрелдеги маалыматка караганда, эки министр телефон аркылуу сүйлөштү. Орус тараптын өтүнүчү менен өткөн сүйлөшүүдө “орусиялык бийлик колдонуп жаткан катаал чаралардын натыйжасында Орусиянын аймагындагы тажик жарандары оор абалда калганы” белгиленди.

Министр Мухриддин «Тажикстандын жарандарына жасалып жаткан мындай терс мамиле жана алардын укуктары менен эркиндиктеринин жапырт бузулушу эки тараптуу мамилелер принциптерине туура келбей турганын» айтканы маалымдалды.

Орусиянын министри Лавров “көрүлүп жаткан чаралар кайсы бир улутка же динге каршы багытталбаганын” белгиледи, бирок тажик министри “мындай тезис менен чыныгы абал бири-бирине дал келбей жатканын жана терс мамиле Тажикстандын гана жарандарына жасалып жатканын” айтып жооп берди.

29-апрелде расмий Дүйшөмбү Орусиянын Тажикстандагы элчиси Семен Григорьевди Тышкы иштер министрлигине чакырып, “Орусияда тажик жарандарына жасалып жаткан даана терс мамилеге байланыштуу олуттуу тынчсыздануу” тууралуу каршылык нотасын тапшырган.

Орусияга Казакстан аркылуу кара жол менен бараткан тажик жарандары чек арадан өткөрүлбөй жатканы өткөн аптада маалымдалган.

«Азия-Плюс» маалымат агенттиги билдиргендей, 26-30-апрель күндөрү Москванын Внуково аэропортуна учуп барган 3101 тажикстандыктын 643ү кайра мекенине жөнөтүлдү, дагы 117син депортациялоо чечими кабыл алынды.

Москванын Шереметьево, Жуковское жана Домодедово аэропортторунда да, агенттиктин маалыматына караганда, абал жакшы эмес.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарын эгер чукул зарылчылык болбосо Орусияга барбай коё турууга чакырды, бирок, «Азаттыктын» тажик кызматы белгилегендей, бул өлкөгө барып иштөөдөн баш тарткандар аз.

Орусияда иштеген тажикстандык эмгек мигранттарына каршы маанай “Крокус Ситидеги” окуядан кийин күчөгөн.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG