Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Мадумаров айрым партиялаштарын сынга алды


Адахан Мадумаров. 2024-жылдын 30-апрели.
Адахан Мадумаров. 2024-жылдын 30-апрели.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров ал негиздеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайланып келген айрым кесиптештерин сынга алды.

30-апрелде "Азаттыкка" интервью берген маалда журналисттин "айрым фракциялаштарыңыздын кыймыл-аракеттери коомдо талкууга алынып келатат, ага кандай ойдосуз" деген суроого "ал ар бир адамдын абийириндеги иш экен" деп жооп берди.

"Муну эки жүздүүлүк деп коёт. Бул биздин эле партияда эмес, бардык партиялардын курамында бар. Бийликтин партиясы менен келип, бирок, бүгүнкү бийликтин кыймыл-аракеттерин жактырбай, өзүнүн калыс пикирин айтып жаткандар да бар. Тескерисинче, биздин партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келип алып, бийликтин партиясы менен келгендерден эки эсе аша чаап, жасакерленип жаткандар да бар. Бул эми ар бир адамдын абийириндеги иш экен, андайларды устав менен же "депутат жөнүндө" мыйзамдын күчү менен кишини киши кыла албайт экенсиң. Бул ар бир адамдын абийиринде катылган сапат экен," деди Адахан Мадумаров.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен алты партиянын катарында "Бүтүн Кыргызстан" партиясы да Жогорку Кеңешке өтүп, алты депутаттык орун алган. Тизмеге ылайык Айгүл Айдарова (Орозайым Нарматованын ордуна келген), Гуля Кожокулова, Исхак Масалиев, Эмил Токтошев, Алишер Эрбаев жана Адахан Мадумаров мандат алышкан.

26-апрелде ошол эле күнү камактан чыккан саясатчы Адахан Мадумаровду Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык күбөлүктөн ажыраткан чечим кабыл алган.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду "бийликтен аша чабуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, бирок, мөөнөт өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес.

Мадумаров “Кылмыш-жаза процесуалдык кодексине ылайык (400-берене 1-пункт) соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу өкүмдүн көчүрмөсү колго тийгенден кийин 30 күн аралыгында кайрылса болорун айтып, өкүмдүн көчүрмөсүн ал 16-апрелде гана алганын айткан. Камактан чыккандан кийин ал Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылган.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, ал экөө бир өндүрүшкө бириктирилген.

Адахан Мадумаров мурда Жогорку Кеңештин төрагасы, депутаты, Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматтарын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG