Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Бүгүнтөн тарта электр кубатынын баасы кымбаттады


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Кыргызстанда бүгүн, 1-майдан тартып электр кубаты кымбаттады. Энергетика министрлиги баа өткөн жылдагы инфляциянын өсүшүнө жараша кайра саналганын билдирди. Былтыр Кыргызстанда инфляция 10,8 пайызды түзгөн.

Тарифтер эми 1-майдан тартып калк үчүн:

- айына 700 киловатт-саатка чейин электр керектесе бир киловаттына 1,11 сомдон төлөйт (11 тыйынга өстү);

- айына 700 киловатт-сааттан көп жаккандарга 2,39 сомдон (23 тыйынга кымбат).

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар канча жакса да айына 1,11 сомдон төгөт (баа 11 тыйынга өстү).

Аз камсыз болуп, "үй бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алгандар үчүн баа мындай:

- айына 700 киловатт-саатка чейин керектесе 55 тыйындан (баа 5 тыйынга кымбаттады);

- айына 700 киловатт-сааттан көп керектегендер 2,39 сомдон (өсүш 23 тыйын).

Электр кубатын чектөөсүз пайдалангандарга баа 3 сом 63 тыйындан бекитилди (кымбаттоо 35 тыйын).

1-майдан тартып насостук станциялар 1 сом 38 тыйындан төгөт (14 тыйын кошулду).

Троллейбустарга баа 2,12 сомдон (өсүү 21 тыйын).

Электр унааларын кубаттаган станцияларга баа:

- кубаттуулугу 23 киловаттка чейинки автомобилдер - 3,18 сомдон (31 тыйын);

- кубаттуулугу чектөөсүз унаалар 4,89 сомдон төлөйт (кымбаттоо 48 тыйын).

Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана улгайган жарандар жашаган мекемелерге баа 2,12 сомдон каралган (өсүш 21 тыйын);

Диний уюмдарга 2,12 сом (21 тыйын).

Бюджеттик мекемелерге тариф 3,76 сомдон (37 тыйын кошулду).

Айыл чарба, өнөр жай жана башка керектөөчүлөргө бир киловатт 3,18 сомдон (31 тыйын).

Майнинг, алтын кен өнөр жайы, алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ишканаларга баа 5,58 сомдон (54 тыйын кошулду).

Цемент чыгарган заводдор 3 сом 63 тыйындан төлөйт (35 тыйын).

Акыркы жолу электр кубатына баа былтыр 1-майда кымбаттап, ал ирет 23 тыйын кошулган - бир киловатт саат электр кубаты бир сомдон болгон эле. Ал эми 700 кВт сааттан көп колдонгондор 2 сом 16 тыйын төлөп келген.

Кыргызстанда быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан өлкө электр кубатын коңшу мамлекеттерден сатып алып, кыштан чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG