Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Байлык менен шаан-шөкөткө азгырылган миллионер


Австрия. Падышанын сарайына чогулган ак сөөктөр. Вильгельм Гаузенин картинасы (1900). Бул эмгек иллюстрация үчүн колдонулду.
Австрия. Падышанын сарайына чогулган ак сөөктөр. Вильгельм Гаузенин картинасы (1900). Бул эмгек иллюстрация үчүн колдонулду.

"Кээде бир адамдын өмүрү бүтүндөй бир доордун ачык жана таасирдүү иллюстрациясы катары көрүнөт. Ошондуктан бул окуя мен үчүн абдан маанилүү сезилди", - деп башталат америкалык журналист жана жазуучу Теодор Драйзердин "Экклезиаст” аттуу аңгемеси.

Драйзер анда капиталисттик коомдун аёосуз атаандаштыгынын курмандыгы болгон адамдын окуясын, анын байлык менен шаан-шөкөт азгырыгынан чыга албай калганын, опсуз бай болуп турганда жанынан чыкпагандар үстүнө кара булут айланганда заматта таанылгыс болуп өзгөрүлгөнүн сүрөттөп берген.

Экклезиаст - Сулайман пайгамбардын жазганы - бул жашоо-тирилик түбү көрүнбөгөн түйшүктөн турарын ырастаган накыл кеп.

Америка адабиятынын классиги Драйзердин чыгармалары, айрыкча “Американын трагедиясы”, “Финансист”, “Стоик”, “Титаны” кыргыз окурмандарынын сүйүп окуган чыгармаларынан. Бул ирет анын жогоруда аталган аңгемеси тууралуу кеп кылалы.

Нью-Йорктун 86-көчөсү 1930-жылдары
Нью-Йорктун 86-көчөсү 1930-жылдары

Жайыл дасторкон

“Бу турмуш дегениң кээде жөнөкөй бир адамдын жашоо-тирилиги бүтүндөй бир доордун жандуу сүрөтү болуп каларын” көрүп жүрбөйбүзбү. Аты Х. деп купуя айтылган каармандын турмушу Америка акчага туйтунуп, кара жанды карч уруп опол тоо каражат табуу көнүмүшкө айланып кеткен учурга туш келип, айтылуу Морган, Бельмонт, Гарриман, Сейж, Гейтс, Брэди жана башка чириген байлардын аягы жерде болгону менен, дымагы көктө жүргөн кызык кез эле. Анан 1907-жылы каржы базары кризиске капталып, кимди-ким көрдү болуп кетти. Агылган акча азайып, ыгын таап опсуз байып кеткендердин иши жүрүшпөй, каржы базарын жаш, дымактуу, чөнтөгү калыңдар ээлешти. Х. деген жаңы байдын аты ошондо чыккан.

Жазуучу менен чынжырлуу байдын таанышуусуна Люсен де Шэй деген пианист себепкер болгон. Шэйдин музыкалык өнөрүнө караганда кымбат баа килемдер менен буюм-тайымга, сүрөттөргө, эмеректерге жакындык жайы бар эле. Андай өлүү дүйнөнү абдан жакшы көргөн Х. пианист Шэй менен таанышып, ал аркылуу Лонг-Айленддеги жаңы үйүн кымбат буюм-тайымга толтурган экен.

Теодор Драйзер
Теодор Драйзер

Нью-Йоркто Шэй тааныбаган миллионер жок деле болуш керек, чала музыкант, байлардын башын кошкон кечелердин биринен да калбаган эптүү неме керектүү адамдарды тааныштырып, тигини сөөлөттүүлөрдүн катарына кошкону үчүн канча акча аларын айтчу эмес. Америкалык миллионерлер тез-тез чогулуп, чер жазып, оюн-зоок арасында керектүү иштерин бүтүрүп алышчу. Антип аты дайынга чыгып калгандар арасында Х жок болчу, байлардын катарына ал кийин кошулду.

Люсен де Шэй ага карамакпы, жаңы бай менен сөзсүз таанышуусу керектигин жазуучуга айта берип кулагын көндүрүп койду. Хнын Лонг-Айлендде салып жаткан үйү болбоду дегенде 500 – 600 миң долларды чапчый турганын, анын студиясы шаардагы эң мыктылардын бири экенин узакка божурачу. Акчасын батыра албаган миллионер жазуучунун “Керри эжеке” романын окуганын да айткан.

Х. опол тоо байлыкка кыйналып жүрүп жеткенин, күнү келгенде чөнтөгүндө бир доллары жок көчөдө отуруп батинке тазалаганын, Нью-Йорктун кычыраган кышында калчылдап жайкы күрмөсү менен жүргөнүн, бир тыйыны жок Орусиядан келген эмигрант эми болсо төрт банкты башкарып, кредит, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлк сындуу иштерди жүргүзгөн капчыгы калың бай экенин Шэй анын жанында такай жүргөндөй санап чыкчу.

Азыркы Нью-Йорк
Азыркы Нью-Йорк

Анан бир күнү Шэй жаңы байдын студиясына келүүнү, ал жерде белгилүүлөрдүн бир тобу болорун, шаардагы өтө белгилүү италиялык ырчы келерин, кызыктарга келгенде күбө болорун жазуучуга кабарлады.

“Үй ээси алгач көрүнбөдү, мен ал жерде аты белгилүү бир топ кишилерди учураттым, шаардын мындай кечелеринде кездешчү адамдар акырын сүйлөшүп, кээде дуулдаган каткырык-күлкүлөр басып кетип жатты. Баарынын көңүлүн бурган сулуу италиялык ырчы да көпчүлүк арасында жүрдү, баскан сайын кымбат баа сөйкөлөрүнүн шыңгыры келишкен мүчөсүн ансайын жарашыктуу көрсөтүп турду. Шэй акырын кулагыма шыбырап, бул сулуу Х.нын кийинки арзуусу экенин айтып, мунусу өтө эле кымбатка турганын" айтты.

- О, Кудай! Ага кандай кымбат баа буюмдарды сатып бергенин уксаңыз оозуңуз ачылмак! – мунусун бирөө укчудан бетер акырын шыбырады.

Жарашыктуу кымбат баа кийинген актрисалар менен кеченин көркү болгон айымдар артынан жагымдуу жыт калтырып жанымдан өтүп жатышты. Сырттан эшик алдынан автоунаалардын күрүлдөгү угулуп турду. Үй ээсинин табити менен марттыгын мактаган акындар менен жазуучулардын сөзүн угуп оозум ачылды. Үй ээси кандай конокторду чакырганын көрүп, анын шайыр-шаңдуу жашоосуна төп келген, ошондойду жактырган адамдардын жанында болушун кааларын түшүндүм, алар менен шапар тээп, жалаң оюн-зооктун үстүндө гана жүрүүнү жактырат тура. Мындан мыкты мейман үйдү Америкадан башка көрбөдүм”.

Шэй жаңы байлардын арасынан тапкан досунун үйүн, дубалда илинген сүрөттөрдү, катар тизилген вино сакталчу жер төлөнү, тамак иччү, бийлечү, эс алып отурчу, кыскасы, акчасы ашып-ташкан дөөлөттүүлөр гана ээ болчу өлүү дүйнөнү көрсөтүп, ушунун баарына ээлик кылган адам менен жакындыгын кымбат баа буюмдар арасында ээн-эркин басканынан билдирип, өзгөчө басым менен кайталаган сөздөрүнөн сездирип турду.

Кетеринде Шэй аны үй ээси менен тааныштырды. Орто бойлуу, денеси оор, ошол эле мезгилде баскан-турганы ыкчам көрүнгөн адам анын алдында турду. Жазуучуга бир кезде жыртык батинкечен жүргөн кедейдин опсуз байлыкка жетүүсү, анысын эч ойлонбой шаан-шөкөткө жумшап, шаңдуу жашоого ыраазы болгону бир алды тандантты, экинчи жагынан, жакты.

Ошол биринчи жолугушуудан көп өтпөй дагы бир чакыруу келди. Бул жолку шаан-шөкөт мурдагысынан да кызыктуу өттү. Шаардын чок ортосундагы мейман үйдө чер жазып, чогулгандар кадыресе кызып, ачылып калганда, үй ээси конокторун мурда даярдалган машинелерге салып шаар четине, деңиз жээгиндеги толук бүтө элек үйүнө алып барды.

Байдын үстүн айланган кара булут

Байдын шаан-шөкөткө жакындыгын, кымбат буюмдарды жактырарын билчү, бирок мынчалык байлыкты мурда-кийин көрбөптүр, баарынан да кызыгы аны узакка созулчу ушундай жыйындарга Х.нын такай чакыруу жөнөтүшү болду. Оңор эмес акчаны опсуз чачып, белгилүү өнөр адамдарын чогултуп, алардын ар бирине убакыт бөлүп сүйлөшүп, тамашалашып, убакты-саатынын кыйласын пайдасыз оюн-зоокторго жумшаган миллионердин көздөгөнү эмне экенин түшүнбөй эле жүрдү. Анын көргөн сайын таң калтырчу келишкен ак сарайында болгондо бир топ өзгөрүүлөрдү көрүп, жалтылдаган таза үй менен эшик алдын, жашылданган деңиз жээгин бойлоп Х. экөө узак сүйлөшкөнүнө ыраазы болуп кайтчу.

Кийин күз келгени иши кычап, кагаз менен каламга күч келтирип такай чыгармачылыкка отуруп калганда гезиттерден Х. тууралуу калаты маалыматтарды окуп калды.

“Анан кыш келгенде, күн ачык турганда күркүрөп асман жарылып, чагылган чартылдагандай гезиттердин баары ага тикелей тиешеси бар кабарды - төбө чачты тик тургузчу каржы апаатын кабарлашты. Гезиттердин маалымдоосуна караганда, ал жетектеген банктардын бири кыйраптыр, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жана сатып алуу боюнча коомдун иши кедеринен кетиптир, Лонг-Айленддеги трамвай линиясын долбоорлоо жана куруу жаатында былыктар чыгыптыр. Баарынан таң калычтуусу, мурда анын ысымы кайсы бир жаман иштерге байланыштырылчу эмес, эми болсо гезиттер аны эч тартынбастан эле жамандап, тилдеп жазышчу болду. Чучукка жетчү ачуу сөздөрдү агыта башташты. Х.ны Кудайдан жөө качкан шылуун, дымагы күчтүү дардаңпоз дешти. Тим эле анысы айнек шариктен бетер банкты, кредиттик коомду, камсыздандыруу компаниясын, ошондой эле темир, трамвай жолдорунун курулушун долбоорлоо, куруу иштерин каалагандай калчаган алдамчы, шумпай дешти. Ал өзүнө тиешеси жок акчаларга чайкоочулук кылган, бечара кедейлерди алдап, акчасын тоногон деп айыптоого өтүштү”.

Гезиттердин чуусу басыла электе Х.нын Нью-Йорктогу студиясынан боюн таштагысы келгени, аз өтпөй уу ичишке аракет кылганы кабарланды. Анан ага каршы ачылган кылмыш ишке кайсы бир карындашынын да тиешеси бар экендиги маалымдалды. Андай карындашы барын жазуучу уккан эмес эле, фамилиясы да башкача экен.

Ошол карындашы агасын клиникага жаткыра койсо, ал жерден кылмышкер деп кууп чыгышыптыр. Анан ооруканага алып барыптыр, ошол жерден Х. өзү полицияга келиптир. Узакка созулган сот иштери, Х.нын дүйнө-мүлкүнө ким ээлик кылат суроосу чыгып, чуулгандуу ишти гезиттер көбүртүп-жабыртып жазып жатышкан чакта бир калаты жагдай ачыкка чыгып калды. Х. менен алыш-бериш кылган, анын дасторкону кенен жайылган кечелеринде жалындуу сөз сүйлөгөндөрдүн көбү бул алдамчы, шылуунду тааныбастыгын, билбестигин айтууга өтүштү. Бул жагына келгенде Шэй досу баарынан ашып түштү. Досум деп жанынан чыкпай сыйын көрүп, керелден-кечке мактап отурчу Шэй Х.нын шарактаган шаңдуу жашоосун, өлүү дүйнөнүн кулу болуп калганын баарынан катуу сындабадыбы.

Иш татаалдап, Х. абакка отургузулду. Анын артынан тогуз финансисттин иши кыйчалыштап, оюн эрежеси татаалдашты. Жазуучу колунан келишинче бул ишке көңүл буруп, арадан сегиз жыл өткөн соң топтолгон фактылар менен күбөлөрдүн билдирүүлөрүн салыштырып отуруп иштин чоо-жайы эмнеге байланганын түшүндү окшойт.

“Бул адам кылдат ойлонулган кутумчулуктун курмандыгы болгонун аңдадым, кутумдуктун максаты аны ири каржылык мүмкүнчүлүктөн ажыратып, илгерилеп бараткан ишкердик жолун бууп коюу экен. Антпесе ал опсуз байлыкка ээ болмок. Ал кездеги ыкчыл, баарын акылга салып жасаган финансисттерден кем калбай Х. чоң иштерди, ойго келбес жүрүштөрдү жүрүп койчу, анын мындай арга-амалын, кыязы, тигилер эске алган окшобойбу. Ошон үчүн анын жолун бууп, болочокто болуп калчу коркунучтуу атаандашка жеткирбей жайлап атышпайбы. Алмустактан бери келаткан кантаажыны кылыч менен тартып алган бийлик эгедерлери өкүмдарды тактыга жетчү кезине жеткирбей тирикарак курагында жайлап атышпайбы”.

Байлык менен шаан-шөкөт азгырыгынан чыга албай жүргөн Х.ны банкрот кылып акыры абакка отургузушкан, андан бери деле билинбей жети жыл өтүптүр.

Жазуучу Нью-Йоркто көчөдө трамвай күтүп турган, капыстан Х.ны көрүп калды. Баштагыдай коштоочулары, жандоочулары жок, жалгыз. Кийген кийими тыкан, таза, бирок мурдагысындай кымбат эмес. Аны карап туруп жазуучунун эсине деңиз боюндагы чанда бир адамдар гана курчу керемет үй, эпсиз чоң Нью-Йорк шаарындагы студия түштү.

Деңиз боюндагы үй менен шаардагы ак сарай ортосунда кымбат баа автомобилдер тынбай каттап турушчу. Деңиз толкундун шарпасы угулган жерде бажырайып ачылган кырк миңден ашуун кыпкызыл розалар, анын атыр жытын аралаган адамдар болчу эле. Нью-Йорк менен деңиз жээгиндеги үйдөгү жарыкка толгон кымбат баа кечелер, келишкен сөйкөсүн жаркылдаткан италиялык ырчы (кийин ал бир француз ак сөөккө күйөөгө тийгенин уккан) – баары бүлбүлдөп артта калган экен.

Америкага алыскы суук өлкөдөн келип, ишин баштаган өспүрүм он беш доллар сурап ата-энесине кат жазганын уккан. Х. ошол он беш долларды алса, үлкөн ишти баштай турганын, ал акча артынан опсуз байлык, дүйнө-мүлк алып келерин билгендей кат жазыптыр.

“Баары түгөнбөгөн түйшүк гана, башка эч нерсе жок”, - деп Экклезиаст жазып кетиптир. Аны автордун мына бул бүтүмү да ырастап турат.

“Биздин социалдык деңиздин жээги кыйраган эски кемелердин сыныгындай кумга басырылып калган.

Кийинки бурчтан ал токтоду, кайсы жол менен кайда барарын билбей азга туруп калды да, анан солго бурулуп, көптүн арасына сиңип кетти. Ушундан кийин аны көрбөдүм, ал тууралуу кеп да укпадым”.

Капиталисттик коомдун аёосуз атаандаштыгынын дагы бир каарманын Теодор Драйзер ушинтип сүрөттөгөн. Ушул эле тема анын “Финансист”, “Стоик”, “Титан” үчилтигинде кемелине келтире чагылдырылган.

Экклезиаст - Сулайман пайгамбардын жазганы - бу жашоо-тирилик түбү көрүнбөгөн түйшүктөн турарын ырастаган накыл кеп.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG