Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Базарбеков окуучу кызды сүзүп кеткен мурдагы милиционердин ишине комментарий берди


Балыкчыда окуучу кызды милициянын машинеси сүзүп кеткен учур.
Балыкчыда окуучу кызды милициянын машинеси сүзүп кеткен учур.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Балыкчы шаарында милициянын машинеси менен 12 жаштагы Фатима Акунованы сүзүп качып кеткен Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевдин иши боюнча комментарий берди.

Ал 19-апрелде “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Бектур Осмонбаевге “анча оор эмес” берене менен айыбы угузулуп сотко алынып келгенин, аны үй камагына чыгарууда судьянын күнөөсү жок экенин айтты. Замирбек Базарбеков ушундай учурларда жаза чарасын катаалдатуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштар берилип жатканын айтты.

26-мартта Балыкчы шаардык соту тараптар жарашып алганына байланыштуу Бектур Осмонбаевге козголгон кылмыш ишин кыскарткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коркунучта калтыруу” жана “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен ачылган иш тергөөдө эле кыскартылган.

Буга чейин Бектур Осмонбаевге кыздын атасы Максатбек Байгазиев тосмо арыз жазып берген.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. Бул окуядан кийин Максатбек Байгазиев коомчулуктан жардам сурап, кызын сүзүп кеткен милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракеттенгенин айткан.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков машинени ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы - Балыкчы шаардык милициясынын ошол кездеги башчысы Бектур Осмонбаев айдап баратканын айтып, ал “окуя болгон жерден качып кетти” деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машине Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа экенин ырастаган. Бул окуядан кийин ага-ини Бекзат Казаков менен Бектур Осмонбаев кызматтан алынган. Ишти УКМК тергеди. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG